Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Укук коргоочу соттун чечимине нааразы


БИШКЕК. Бишкектин Ленин райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун Мелис Арыпбек уулуна каршы берген доо арызын 26-майда канааттандырган жок. Мындай маалымат бүгүн Мелис Арыпбек уулунан алынды. Анын маалыматына караганда, сотто Турсунбек Акундун «Мелис Арыпбек уулу Жаныбек Жанызактын «Агым» гезитине жарыялаган «Адалсынган ажынын бир ысымы «Жулкунбай» деген интервьюсунда адамдык ар-намысым менен беделиме шек келтирди» деген дооматы далилденген жок. Ушундан улам сот анын моралдык чыгым үчүн 1 миллион сом айыппул төлөсүн деген өтүнүчүн канааттандырган жок. Ал эми Турсунбек Акун соттун бул чечимине нааразы экендигин жана аны жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылаарын билдирди. Анын айтымында, арызды караган судья жоопкер тараптын күбөлөрүнүн гана көрсөтмөсүн угуп, доогер тараптын айрым күбөлөрүн сотко катыштырган жок жана оппозициянын өкүлү катары анын мүдөөсүн эске алган жок.

XS
SM
MD
LG