БИШКЕК. Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары элдик-патриоттук күчтөрдүн республикалык штабын түзгөнү жатат. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын маалыматына караганда, мындай штабы түзүү зарылдыгы Кыргызстандагы адам укуктарынын басмырланып, эл өкүлдөрү болгон депутаттардын иш бөлмөлөрүнө чейин тыңшоочу аппараттар коюлушу, айыптуу деп шектелген адамдарды убактылуу кармоо жайларында кыйноо фактыларынын көбөйгөндүгүнөн улам келип чыкты. Укук коргоочулар элдик патриоттук күчтөрдүн республикалык штабын түзгөндөн кийин адам укуктарынын абалына бийлик менен коомчулуктун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн буруу максаты менен 10-июнда митинг өткөрүшөт. Турсунбек Акундун айтымында, митинг өткөрүүгө уруксат берүү өтүнүчү Бишкектин Биринчи Май райондук администрациясына 28-майда жөнөтүлөт.