ЛОНДОН. Лондондо мусулман динаятчысы Абу Хамза камакка алынды. Аны өткөрүп берүүнү Америка Кошмо Штаттары талап кылып жатат. Абу-Хамза АКШ менен Британияны мусулмандарга жек көрсөтүп, элди бул өлкөлөргө каршы козуткан деп айыпталат. Лондондогу мечиттердин биринде имам болуп кызмат кылган Хамза Батышка каршы жихат ачууга чакырган. Хамза Мисирде туулуп өсүп, англиялык аялга үйлөнгөн соң Британиянын жарандыгын алган болчу. Бирок мындан бир жыл мурда ал террорчулукту колдоду деген кине менен Улуу Британия жарандыгынан ажыратылган. Анын соңунан мечит жабылып калган бирок Хамза өзүнүн бузуку аракеттерин көчөлөрдө дават айтуу учурунда уланткан.
Кечки жаңылыктарды даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
Кечки жаңылыктарды даярдаган - Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары