Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

Кенчилердин ачкачылык акциясы уланууда


АБАКАН. Хакасияда "Енесай" шахтасынын кенчилеринин ачкачылык акциясы уланууда. Кенчилер 7 миллион рубль өлчөмүндөгү айлык акы карыздарын төлөп берүүнү талап кылып жатышат. Ачкачылык акциясына 150дөн ашык кенчи катышууда, алардын 23ү доктурлардын талабы боюнча акциясын токтотушту. Кечээ "Энесай" шахтасындагы абал Мамдуманынын эмгек жана социалдык маселелер боюнча комитетинде талкууланган. Бирок шахтанын профсоюзунун жетекчиси Александр Атюковдун айтымында, эч кандай конкреттүү чечим кабыл алынган эмес. Кенчилер алардын талаптары аткарылмайынча акциясын уланта бере турушканын айтып жатышат.

XS
SM
MD
LG