Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Россия Ирактагы кызматкерлерин чыгарып кетүүдө


МОСКВА. Бүгүн Россиянын тышкы иштер министрлиги Иракта иштеп жаткан Россиялык жарандарга кайрылып, аларды өлкөдөн чыгып кетүүгө үндөдү. Россиянын чукул кырдаалдар министрлигинин учагы Москвага "Интерэнергосервис" компаниясынын 90 кызматыкерин жеткирет. Калган кызматкерлер өлкөдөн жума күнү эвакуацияланат.

Россиялык жарандарды чыгарып кетүү чечими Багдадда "Интерэнергосервистин" автобусу аткыланып, андан россиялык эки жаран курман болгондон кийин кабыл алынды. Аткылоодо, ошондой эле, ирактык эки жаран курман болуп, дагы бир нече киши жараат алган.

XS
SM
MD
LG