Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:41

Тоң районунда туристтик маалымат борбору ачылды


КАРАКОЛ. Туристтик маалыматтык бул борбор Ысыккөлдү регионалдык өнүктүрүү боюнча ТАСИС программасынын жана "Кумтөр оперейтинг» компаниясынын каржылык колдоосу менен ачылды. Анын ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Ысыккөлдө регионалдык өнүктүрүү боюнча ТАСИС программасынын туризм боюнча кеңешчиси Жене Хахил айымдын пикиринде, Ысыккөлдүн күнгөй тарабына караганда тескей тарабында экологиялык туризмди өнүктүрүүнүн чоң мүмкүнчүлүгү бар. Анткени чет өлкөлүк туристтердин дээрлик көпчүлүгү бул аймактагы туристтик багыттарга кызыгышат. Ошондуктан чет өлкөлүк туристтерге жана эс алуучуларга туризм боюнча кызмат көрсөтүүчү туристтик маалыматтык борбордун ачылышы зарыл. Ал эми аталган борбордун туризм боюнча башкы адиси Талант Абдыкасымовдун айтымында, мындай туристтик маалыматтык борбор жакын арада Балыкчы шаарында ачылып, Ысыккөлдүн ажайып жаратылышына кызыккан туристтер жарнамалык материалдар менен толук камсыз болушмакчы.

XS
SM
MD
LG