Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Кыргызстан «Миң жылдыктын чакырыктары» фондуга кириши мүмкүн


БИШКЕК. Кыргызстан эмдиги жылы АКШ өкмөтүнүн «Миң жылдыктын чакырыктары» аттуу фондусуна кириши мүмкүн. Ага кирүү үчүн азыр кыргыз өкмөтү менен АКШ элчилигинин ортосунда биргелешкен комиссия түзүлүп, анын теңтөрагалыгына вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг бекитилишти. Жоомарт Оторбаевден алынган маалыматка караганда, биргелешкен комиссия жыл аягына чейин фондго кошулууга негиз бере турган программа иштеп чыгып, аны АКШ өкмөтүнө ушул жыл аягында сунуш кылат. Программада кыргыз өкмөтү акыйкат башкарууну калыптандыруу, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлерге жагымдуу инвестициялык абал түзүү, аялдар менен балдардын өлүмүн кыскартуу боюнча жасай турган иш-чараларды көрсөтүп, билим берүү, саламаттык сактоо тармагына ички дүң продукциянын канча бөлүгү жумшалаарын так маалымдайт. АКШнын «Миң жылдыктын чакырыктары» фондусуна быйыл КМШдагы эки мамлекет Армения менен Грузия кирип, Кыргызстан коррупциянын жогорулугунан анын талабына жооп бербей калган.

XS
SM
MD
LG