Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Президенттин кеңешчиси Ослунддун ойлору


БИШКЕК. Кыргызстанда ар түрдүү салыктардын саны жана өлчөмү абдан жогору болгондуктан салык аз чогултулууда. Мындай пикирин мамлекет башчы Аскар Акаевдин кеңешчиси, профессор Андерс Ослунд бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдирди. Анын пикирине караганда, ар бир адамдын кирешесинен алынган салыктын өлчөмүн 20 пайыздан 13 пайызга төмөндөтүп, өлкөдөгү социалдык жана кошумча нарк салыгынын өлчөмүн азайтуу керек. Ошондой эле ал соңку жылдары өлкөдөгү салыктардын өлчөмүн кыскартууга Эл аралык валюта кору каршы болуп келгендигин айтып, аталган фонд менен салыкты азайтуу боюнча бир пикирге келсе болот деген оюн кошумчалады.

Президенттин кеңешчиси өлкөнүн административдик башкаруу системасын өзгөртүү боюнча да сунуш пикирлерин ортого салып, дүйнө өлкөлөрүнүн мамлекеттик түзүлүшү үч гана административдик баскычтан тураарын белгиледи. Ушундан улам ал Кыргызстанда райондук администрацияларды жоюу зарыл деген ойдо.

Ошондой эле президенттин кеңешчиси Кыргызстанда бардык сот системасы коррупциялашканын баса белгилеп, мындай абалдан чыгуунун жолу катары судьяларды шайлоону сунуштады.

Профессор Андерс Ослунд 1998-жылдан бери өлкөдөгү социалдык-экономикалык жана мамлекеттик башкаруу маселелер боюнча өлкө жетекчисине кеңеш берип келет.

XS
SM
MD
LG