Бүгүн Маскөөдө Орусия менен Мисирдин президенттери Владимир Путин жана Хосни Мубарак жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуу маселелерин жана Ирак менен Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулады. Палестина менен Израил ортосундагы чатакты токтотууга Мисир абдан кызыкдар, Орусия болсо - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча атайын эл аралык уюмдун мүчөсү. Ага АКШ, Бириккен Улуттар жана Европа Биримдиги дагы кирет.