Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

30-майда аба ырайы кандай болот?


БИШКЕК. Кыргызстандын аба ырайы боюнча борборунун шашылыш билдиргенине караганда, 29-30-май күндөрү жаан жаашы ыктымал. Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү күтүлүүдө.

Ал эми 30-майда мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Тоолуу аймактарда кар түшүп, батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

ЧҮЙ өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +23…+28 градус жылуу.
ТАЛАСТА түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+30 градус ысык.
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23 градуска жылыйт.
НАРЫНДА түнкүсүн +4…+9, күндүз +17…+22 градустун айланасында.
БИШКЕК шаарында ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +23…+25 градус жылуу.

Жаңылыктар топтомун Бүбүкан Досалиева, Бакыт Аманбаев жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Аба ырайы тууралуу маалымат менен Миргүл Аманбаева тааныштырды.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG