БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдон 29-майда алынган маалыматка караганда, бул шайлоону өткөрүү алгач 6-июнга белгиленип, бирок талапкерлердин белгиленген мөөнөтүнөн кечигип катталганына байланыштуу бир жумага артка жылдырылды. Карадөбө айыл өкмөтүндө кайра шайлоо өткөрүүгө аталган айыл өкмөттүн мурдагы башчысы Абдинаби Абдулхакимовдун өз арызы менен кызматынан кетүүсү себеп болгон. Учурда бул бошогон орун үчүн Насирдин Мурзаев, Музафар Рахманалиев жана Султан Арыкбаев аттуу 3 талапкер катталды. Өлкө боюнча жалпы айыл өкмөт башчыларына шайлоолор өткөн 2001-жылдан бери буга дейре облустун 8 айыл өкмөтүндө ушундай кайра шайлоо өткөрүлгөн.