Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Укук коргоочулар жаңы уюм түзүүгө бел байлашты


БИШКЕК. Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдары менен өзүн патриотмун деп эсептеген атуулдар жума күнү жыйын куруп, анда элдик патриоттук күчтөрдүн республикалык штабын түзүү чечимине келишти. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундан алынды. Анын айтымында, азыр штабдын уюткусу боло турган жумушчу топ түзүлүп, ага адам укугун коргоо маселесине кайдыгер карабаган 30дай атуул топтолду. Алар адам укуктарынын басмырланышына каршы алгачкы акциясын 10-июнда Бишкектин Алатоо аянтында өткөрүүгө даярдык көрө башташты. Турсунбек Акундун билдирүүсү элдик патриоттук күчтөрдүн республикалык штабы «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесине атаандаш катары аракет кылат. «Анткени, атуулдук бирикме шайлоону адилет өткөрөбүз деген шылтоо менен парламентке өзүлөрүнө гана керектүү адамдардын келишине шарт түзүү үчүн аракет кылууда, бизге мындай алдоо эмес, элдин аң-сезимин көтөрүүчү акциялар керек. Республикалык штабдын милдети - элди көтөрүү», деп билдирди Турсунбек Акун.

XS
SM
MD
LG