Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Мексиканын Гвадалахра шаарында массалык тополоң тутанды


Радикалдуу маанайдагы студенттердин жакырчылыкка каршы нааразылык билдирген демонстрациясы бат эле буркан-шаркан түшкөн баш-аламандыкка айланды. Банктар жана дүкөндөр каракталып, машиналар талкаланды. Полиция жаш агызма газ жана союл колдонгонго аргасыз болду. Жыйырмадай киши жабыркады, жүздөй адам камалды. Бул жерде Евросоюз менен Латын Америкалык өлкөлөрдүн саммити аяктап жаткан эле. Тополоңдон улам Франциянын президенти Жак Ширактын пландалган пресс-конференциясы болбой калды.

XS
SM
MD
LG