“Катаал жазага тартылып, катуу азар көргөнүмө карабастан жасаган ишиме өкүнбөйм”, - деп айтты ал Би-Би-Сиге берген интервьюсунда. “Мен болгону Израилди кезектеги холокосттон, бул жолу атомдук холокосттон сактап калууну гана көздөгөм”, - деп көрсөттү ал.
Вануну 1986-жылы Димона шаарына чукул жердеги атомдук борбордо жүргүзүлгөн илимий тажрыйбалар тууралуу британ гезиттерине интервью берип, мунусу үчүн мамлекетке чыккынчылык кылды деп айыпталып, он сегиз жылга эркинен ажыратылган. Вануну түрмөдөгү мөөнөтүн өтөп, өткөн айда абактан азат болду. Ага Израилден кеткенге тыюу салынды, бирок Вануну Британияга же АКШга барып жашагысы келерин билдирди.