Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:36

Чыр-чатактуу жагдайларды чагылдырууга арналган эки күндүк семинар аяктады


ЖАЛАЛАБАД. Кошмо Штаттардын мамлекеттик депертаментинин колдоосу менен өткөн семинарда конфликтердин жаралуу себептери менен анын алдын алуу, чечүү, маалымат каражаттарында чагылдыруу ыкмалары үйрөтүлдү. Тажикстандагы атуулдук согушта, Палестина менен Израил жаңжалдарында, Ооганстандагы согуштагы жагдайды курчутуп ийген журналисттик эмгектер жөнүндө мисалдар келтирилди. Фергана өрөөнүндөгү жаңжалдуу аймактар катары кыргыз-өзбек чек арасы, жайыт, суу, жер проблемалары, социалдык-экономикалык абалдын начардыгы катталды. Талкууну облустагы "Тынчтыкты куруу" коомдук бирикмесинин төрайымы Индира Раимбердиева менен "Интерньюс" уюмунун түштүктөгү координатору Элма Жапарова алып барышты.

XS
SM
MD
LG