Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:00

Конституциялык сот Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча арызды кайра парламентке жолдоду


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин кош палатасынын 75 депутатынын Башмыйзамга пропорционалдык шайлоо ыкмасын киргизүү тууралуу сунушуна өлкөнүн Конституциялык соту макул эмес. Бул тууралуу Конституциялык соттун Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына жиберген катында айтылган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаевдин маалыматына караганда, Конституциялык соттун депутаттарынын арызын кайра артка кайтарып беришине президенттик администрациянын кийлигишүүсү менен мурда кол койгон 28 депутаттын өз пикиринен баш тартышы себеп болгон.

Өткөн жылдын декабрь айында кош палатанын 75 депутаты Башмыйзамга пропорцианалдык шайлоо системасын киргизүү сунушу менен Конституциялык сотко кайрылган эле.

XS
SM
MD
LG