Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:59

Германияда эл аралык фестиваль башталды


Кечээ Берлинде өткөн “Маданият карнавалынын” ачылышына 900 миңдей киши катышты. Германиянын баш каласына дүйнөнүн булуң-бурчунан музыканттар, ырчылар жана бийчилер агылды.

Тогузунчу жыл катары менен уюштурулуп келаткан фестиваль толерандуулук, маданияттардын ачыктыгы деген ураан астында өткөрүлүүдө. Үч күндүк майрамга 80 өлкөдөн 1,5 миллиондой артист келет деп күтүлүүдө.

Берлиндин көчөлөрүндө өткөн кечээки парадга бразилиялык музыканттар, улуттук костюмдарын кийген боливиялык топ, испаниялык фламенко бийчиси жана башкалар катышты.

Бул фестиваль ар кыл диндерге, маданиятка таандык элдерди жакындаштыруу максатында уюштурулууда.

Таңкы жаңылыктар топтомун Прагадан Айнура Жекше кызы даярдады.

XS
SM
MD
LG