Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Греция-Түркия чегарасындагы минага бир мигрант кабылды


Афинадан келген расмий маалыматка ылайык, кечээ Греция менен Түркиянын чегарасында молдовалык иммигрант деп болжолдонгон бир киши минага кабылып жан таслим болду. Дагы бирөө жаракат алып, ооруканага жеткирилди. Грек өкүлдөрү Эврос дарыясынын боюндагы аймакка атайын белгилер коюлуп, ал темир зым менен тосулганын ырастап жатышат.

Расмий статистика боюнча 1996-жылдан бери Греция менен Түркиянын чегарасындагы мина коюлган 200 километрлик аймакта 40тай киши каза таап, отуздайы жарадар болгон. Алардын басымдуу көпчүлүгү батыш Европага өтүүгө аракеттенген мигранттар.

XS
SM
MD
LG