Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Израилдик аскерлер карапайым палестиналыктарга жардам берүүгө милдеттендирилди


Кечээ Израилдин Жогорку соту армия эл аралык мыйзамдарга баш ийип, аскерий операциялар жүрүп жаткан аймактарда карапайым палестиналыктардын медициналык жардам, тамак-аш, суу жана электркубатка болгон муктаждыгы канааттандырылууга тийиш деген бүтүм чыгарды.

Мындай чечим Израилдин укук коргоо уюмунун петициясына жооп катары кабыл алынды. Уюм Газа тилкесиндеги Рафах качкындар лагериндеги абалга тынчсыздануусун билдирген.

18-майда Израилдин куралдуу күчтөрү бир нече аскер согушкерлердин кол салуусунан окко учкандан кийин Рафахка басып кирген. Жөөт армиясы өткөргөн рейддин натыйжасында 45 киши мерт кетти, ондогон турак жайлар талкаланды. Дүйнөлүк коомчулук расмий Тель-Авивтин бул иш аракетин катуу сынга алды.

Израил армиясынын басма сөз өкүлү аскерлер Жогорку Соттун чечимин аткарат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG