Кечээ Саудиялык атайын күчтөр Хобар портунда жүргүзгөн операциянын натыйжасында барымтадагылардын көпчүлүгү бошотулган эле. Бирок ислам экстремисттери деп болжолдонгон топ азия улутундагы бир нече кишини, бир швециялык жана бир италиялык жаранды атып салууга үлгүрүшкөн.
Падышалыктын ички иштер министрлиги барымтачылардын башчысы колго түшкөнүн, бирок дагы үч куралчан согушкер кутулуп кеткенин билдирди. Аларга азыр издөө салынды.
Эсиңиздерге сала кетели, ишемби күнү куралчан топ Хобарда иштеген чет элдик мунай компаниялары жайгашкан имаратты ээлеп алган.
Кол салуу үчүн “ал-Каида” террордук уюшмасы жооптуу деп болжолдонууда. Уюмдун Интернет аркылуу таратылган кайрылуусунда, бардык капырлар Арабия жарым аралынан сүрүлүп чыгарылт деп эскертилген.