Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:35

Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети Аксыда көчмө жыйын өткөрдү


ЖАЛАЛАБАД. Көчмө жыйында кыргыз чек арасын демаркациялоо жана делимитациялоо ишинин жүрүшү боюнча маселе каралган жок. Буга өкмөттүн тиешелүү кызматкерлеринин келбей калгандыгы себеп болду. Аксы аймагында кийинки кезде чек ара чатактарынын улам-улам болушу жана чек аранын Аксы, Алабука жана Чаткал райондорундагы абалы жана коопсуздук чаралары талкууланды. Депутаттар менен жергиликтүү калк Өзбек республикасынын атуулдары жана алардын малынын кыргыз жерине мыйзамсыз өтүп жаткандыгы жана өкмөттөр аралык паритеттик комиссия начар иштегендигин белгилешти. Райондун акими Абдымалик Эгембердиев менен бирге айыл өкмөттөрдүн башчылары, Улуттук коопсуздук кызматынын облустук башкармасынын башчысы Марат Иманкулов депутаттар менен шайлоочулардын бир нече суроолоруна жооп беришти.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG