Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:08

«Кайратбанк» Казакстандын менчигине өтөт


БИШКЕК. Кыргызстандын «Кайрат банкын» Казакстандын Элдик банкы 1 миллион 250 миң долларга сатып алды. Мындай маалымат бүгүн мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинен алынды. Ал маалыматка караганда, банкты сатып алууга Казакстандын төрт банкы кызыкдар болуп, Элдик банкы утушка ээ болду. Бирок сатып алуу тууралуу макулдашууга азырынча кол коюла элек. Ал Казакстан менен Кыргызстандын Улуттук банктары менчиктештирүүгө толук макулдук бергенден кийин түзүлөт.

«Кайратбанк» мындан беш жыл мурун Улуттук банк тарабынан түзүлгөн. 2000-жылы анын акциясын өкмөт толук бойдон сатып алып, 2002-жылы менчиктештирүү чечимине келген.

XS
SM
MD
LG