БИШКЕК. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, азыр «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук бирикмесинин башчысы Мисир Ашыркуловго кол салган Таалай аттуу адамга карата ачылган кылмыш ишин кароо 7 –июнда башталат. Бишкектин Биринчи Май райондук соту буга чейин ишти кароону адегенде 11-майга белгилеп, бирок Ашыркуловдун өтүнүчү менен аны кароону 28-майга калтырган. Бирок ал күнү да жабырлануучу Мисир Ашыркуловдун өлкө аймагынан башка жакта дарыланып жаткандыгына байланыштуу сот ишти кароону 7-июнга белгилеген. Коопсуздук кеңештин экс-катчысы Мисир Ашыркулов ага кол салуу айыпталып жаткан 30 жаштагы Таалай аттуу жигиттин колунан келгендигине толук ишенээрин, бирок ал мындай кадамга бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен баргандыгын «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирген.