Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:20

Кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын отуруму болот


БИШКЕК. Ушул жылдын 7-июнунда Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны болот. Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинен алынган маалыматка караганда, анын күн тартибинде суу-энергетикалык ресурстарды пайдалануу, транспорт, бажы, газды жеткирүү боюнча кызматташуу, жогорку вольттогу электр тармактарына жана Ысыккөлдүн жээгиндеги курорттук эс алуу жайларына Казакстандын менчик укугун жөнгө салуу сыяктуу бир катар олуттуу маселелер бар. Андан тышкары комиссия соода жана инвестиция, экологиялык коопсуздук жана табигый кырсыктардын алдын-алуу жаатында кызматташуу маселесин да талкуулайт. Кыргызстан тараптан комиссияны Кыргызстандын Евразия кызматташтык уюмундагы вице-премьер министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектейт.

XS
SM
MD
LG