Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Гаага трибуналынын өкүлү Боснияга жана Хорватияга барат

БАНЯ-ЛУКА. Бириккен улуттар уюмунун Эл аралык трибуналынын прокурору Карла дель Понте 5 күндүк визит менен Боснияга жана Хорватияга барып, бул өлкөлөрдүн жетекчилери жана Югославиянын аймагында болгон согушта жабыркагандар менен жолугушат. Дель Понте бүгүн Баня-Лукада босниялык сербдердин жетекчилери менен кездешип, сүйлөшүү жүргүзөт.

Дель Понте аларды Гаага трибуналынын чечимин аткаруудан баш тартып, кылмышкерлерди өткөрүп бербей жатат деп айыптап келген.
​
XS
SM
MD
LG