Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:19

Сауд Аравиясы террорчулары издеп жатат


ЭЛ-КУБАР. Сауд Аравиясынын полициясы кечээ барымтадагыларды бошотуп жатканда качып кеткен 3 террорчуну издеп жатат.

Ишемби күнү ислам согушчандары Эл-Кубарда жайгашкан чет өлкөлүк компаниялардын айрымдарына чабуул жасашып, 50гө жакын адамды барымтага алышкан. Сауд Аравиясынын полициясы барымтачыларды бир суткедей курчоого алышып, чабуул жасашкан. Алар барымтага алынгандардын кырк бирин бошотушуп, террордук топтун башчысын колго түшүрүшкөн.

Террорчулардын огунан 22 адам каза болду. Алардын 19 чет өлкөлүктөр - АКШнын, Улуу Британиянын, Италиянын, Швециянын жана башка өлкөлөрдүн атуулдары.

Бул террордук актыны араб өлкөлөрүнүн лидерлери, анын ичинде Египеттин президенти Хосни Мубарак жана Араб өлөкөлөрүнүн лигасынын баш катчысы Амр Муса айыптап чыгышты.

XS
SM
MD
LG