ОШ. Чек ара отрядынын 20-24-аскердик бөлүмүнүн старшинасы Бактыбек Караев Араван районунун Төпөкоргон айыл өкмөтүнө караштуу Жаңыжол участкасында жүрүп, аталган айылдын тургуну Абиджан Валиханов аттуу атуул менен өз ара чатакташа кетип, кундагы бүктөлмө Калашников автоматы менен атып жиберген. Октор адегенде Валиханов Абиджандын курсагын бир нече жеринен, анан өзү менен бирге аскердик кызмат өтөгөн Кубат Жаанбаевдин сол колунун чыканагын жанып кеткен. Чек ара отрядынын бөлүгүнүн ошол күнкү мөөнөтчүсү, лейтенант Осмоновдун тараткан билдирүүсүнөн кийин окуя болгон жерге дароо Араван районунун прокурору Айткулов баштаган топ барып, иликтөө иштерин жүргүзүштү. Кылмыш-жаза кодексинин 362-беренеси боюнча старшина Бактыбек Караевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, азыр утурумдук абакта сурак берүүдө. Ал эми жарадарлар Абиджан Валиханов менен Кубат Жаанбаев Араван райондук борборлоштурулган ооруканасына жеткирилген.
1-июнь күнү аталган ооруканадан алынган маалымат боюнча, алардын өмүрүнө коркунуч жок.
1-июнь күнү аталган ооруканадан алынган маалымат боюнча, алардын өмүрүнө коркунуч жок.