Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Каракол шаардык кеңешинин төрагасы камакка алынды


КАРАКОЛ. Ысыккөл облусунун Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Валентин Цой бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Айыптоочу Сабыр Жапаровдун доо-арызы боюнча ишти караган Каракол шаардык соту Замир Базарбековдун билдирген маалыматына караганда, Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Валентин Цой жана "Ысыккөл инвестбанктын" директорлор кеңешинин мүчөлөрү Жолочу Турдубай, Медер Байтиков - Сабыр Жапаровдун абийирине, ар намысына шек келтирип, аны жалганчы, кара ниет, эки жүздүү адам катары мазакташкан. Каракол шаардык соттун өкүмүнө ылайык, аталган шаардык кеңештин төрагасы Валентин Цой Кыргыз Республикасынын кылмыш жана жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде 10 миң сом айыппул төлөө менен бир жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Ал эми Сабыр Жапаровдун доо арызы жарым жартылай канаттандырылып, "Ысыккөл инвестбанктан" анын пайдасына 2 млн. 500 миң сом моралдык запкы үчүн өндүрүп берүү чечими чыкты.

Кошумчалай кетүүчү маалымат, Валентин Цой 2001-жылы жана 2003-жылы Аксуу райондук, Каракол шаардык соттордун өкүмү менен кылмыш жообуна тартылып, 20 миң сом айып пул төлөгөн. Ушул тапта мурда сот жообуна тартылган адамды депутаттар кандайча Каракол шаардык кеңешинин төрагалыгына шайлаган деген пикирлер айтылууда.

XS
SM
MD
LG