Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:19

Баткенде балдарга арналган марафон болду


БАТКЕН. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен облусунда «Аялуу балдардан аянбайлы, адамдар» деген ураан алдында кайрымдуулук марафон болду. "Мээрим" кайрымдуулук фондунун облустук бөлүмү уюштурган бул иш чараны аталган бөлүм жетекчиси Асель Шадиева ачып, баардык балдарды бүгүнкү майрамы менен куттуктады жана марафондон түшкөн каражаттын баары облустагы жетим жана майып балдар үчүн жумшалаарын белгиледи. Андан соң облус губернатору Аскарбек Шадиев сөз сүйлөп, учурда облус аймагында 273 томолой жетим, 3 миңден ашуун майып балдар бар экенин, алардын баарына жардам көрсөтүлөрүн белгилеп, өз салымын кошуу менен марафондун эсебин ачты. Таланттуу балдардын ыр, бийлер коштогон бул кайрымдуулук марафонунун эсебине түшкө чейин эле 100 миң сомдой каражат түштү. Бул күнү облустун баардык район, шаарларында өткөн мындай кайрымдуулук акциялар бир жумага чейин созулмакчы.

XS
SM
MD
LG