Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Тик учактын кыйроого учуроо себеби аныкталды


БИШКЕК. Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Нарын обласынын Арпа өрөөнүндө тоо арасында кырсыкка учураган тикучактын кыйроого учуроо себеби боюнча түзүлгөн өкмөттүк комиссиянын маалыматы бүгүн өкмөт үйүндө угулду. Жыйынга өкмөт башчы Николай Танаев катышты. Комиссиянын төрагасы, жарандык авиация департаментинин башчысынын орун басары Эркин Баязовдун маалыматына караганда, тикучак ичинде жүктүн көптүгүнөн эмес, тоо арасында аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам кыйроого учураган.

Эске сала кетүүчү нерсе, үстүбүздөгү жылдын 15-мартында Нарын обласынын Арпа өрөөнүндө тикучак кыйроого учурап, эки адам каза болуп, бир нече адам жарадар болгон. Расмий эмес маалыматтар боюнча, тикучак Арпа өрөөнүнө мергенчилерди куткаруу үчүн эмес, айрым жогорку бийлик өкүлдөрүнүн уруксаты менен тикучактан жапайы тоо жандыктарына аңчылык кылуу үчүн баргандыгы айтылган. Ал эми тикучак болсо олжолонгон кайберендерди белгилеген өлчөмдөн көп жүктөгөндөн улам кыйроого учурагандыгы малымдалган. Ал эми расмий бийлик мындай маалыматты четке кагып, тик учак тоо арасында кар көчкүгө камалган аңчыларды куткаруу учун барып, кыйроого учурагандыгын айтышкан.

XS
SM
MD
LG