БИШКЕК. Бүгүн «Кыргызстан-Реемтсма» акционердик коомунун имаратында чет элдик инвестициялар боюнча консультативдик кеңештин жыйыны болду. Ага президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев катышып, өкмөт башчы инвестициялык төртүнчү матрицанын аткарылышы тууралуу отчет берди. Анын маалыматына караганда, инвестициялык төртүнчү матрицада белгиленген иштер толук аткарылып, чет элдик инвестициянын келишине жол ача турган 17 мыйзам кабыл алынды. Андан тышкары «Лицензиялоо жөнүндө" мыйзамга 33 өзгөртүү киргизилди. Жыйында аталган матрицанын аткарууга кедерги болуп жаткан жагдайлары жана төртүнчү инвестициялык эл аралык саммитти өткөрүү тууралуу вице-премьер министр Жоомарт Оторбаев маалымат берди. Анын айтымында, Башкы прокуратура матрицаны аткарууга байланыштуу 93 каршылык, 6 эскертүү, 18 сунуш билдирип, 1 маалыматты өкмөт аппаратына жөнөттү. Жыйында быйыл инвестициялык саммитти Ысыккөлдө 15-16-июлда өткөрүү жана анда эл аралык инвестицияны тартуу багыттары жана ак ниет башкаруу маселесин күн тартибине киргизүү белгиленди.