Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:41

"Хизб ут-Тахрир"партиясынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүштү


БИШКЕК. Кыргызстандын тартип коргоо органдары «Хизб ут-Тахрир» диний уюмунун мүчөлөрүн себепсиз камап, уруп, сабоо менен кыйноого алышууда. Учурда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун Ысыккөл обласында 16, Ош обласы боюнча 38 мүчөлөрү тартип коргоо кызматтарында сурак беришүүдө. Бул тууралуу аталган уюмдун сегиз мүчөсү бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиришти. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 4-майында аталган уюмдун Асылбек Кудайбердиев, Абдыкерим Кулмырзаев аттуу мүчөлөрүн кармап, ур-токмокко алышкан. Асылбек Кудайбердиевди 9-күндөн кийин «мени эч ким уруп, сабаган жок» деген тил кат жаздырып алып боштондукка чыгарган. Ал эми Абдыкерим Кулмырзаев учурда Улуттук коопсуздук кызматынын утурумдук тергөө абагында кармалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында Асылбек Кудайбердиев менен Кулмырзаев Абдыкеримдин эжеси Уулкан Кулмырзаева билдиришти.

Ошондой эле маалымат жыйынынын катышуучулары «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан чакырган өлкө жетекчилигинен атуулдардын диний эркиндигин камсыз кылууну өтүнүштү. Маалымат жыйыны укук коргоочу Турсунбек Акундун демилгеси менен өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG