Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:05

Тышкы иштер министрлиги Өзбекстанга нота жиберди


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине Ош облусунун аймагындагы «Төөмоюн» чек ара участкасына жакын жерде тосмо кургандыгына байланыштуу нота жолдоду. Мындай маалыматты бүгүн тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы таратты. Ал маалыматка караганда, ушул жылдын 14-майында Өзбекстан тарап «Төөмоюн» участкасындагы чек ара сызыгы аныкталган жерден 60 метр ичкери кирип, тосмо кура баштаган. Ал жерге Кыргызстандын тиешелүү мекеме өкүлдөрү барып, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин Өзбекстан курулушту токтоткон. Ушундан улам Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги 28-майда Өзбекстандын тышкы иштер министрлигине нота жолдоп, Өзбекстандын бир тараптуу мындай аракеттери эл аралык укуктарга жана эки өлкө ортосунда түбөлүк достук жөнүндө 1996-жылы кол коюлган келишимдин жобосуна карама-каршы келээрин эскертти.

XS
SM
MD
LG