Ага жүз он сегиздей өлкөнүн министрлери менен өкмөт башчылары катышууда. Конференцияда шамалдын жана күндүн кубатын пайдаланып, энергиянын алтернативдүү булагын активдүү колдонуу маселелери талкууланууда. Германиянын илимпоздору азыркы технологиянын жетишкендиктери ушундай жол менен дүйнөдө энергиянын азыркы муктаждыгын алты эселеп жапканга мүмкүндүк берет деп эсептешет. Немец өкмөтүнүн экология министри Гюнтер Триттин Бонндогу жыйындан соң сөздөн жигердүү ишке өтүү зарыл деп билдирди.