Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:49

Ирандык белгилүү диссидентке чыгарылган өлүм жазасы масыкталды

Университеттин тарых профессору Хашеми Агажари диний бийликтердин ишин эл алдында сынга алганы үчүн исламга акаарат келтирди деп айыпталып, 2002-жылы өлүм жазасына тартылган эле. Бул өкүм бүткүл өлкөдө нааразылыкты пайда кылып, тоз-тополоңго айланган. Ирандын жогорку диний лидери аятолла Али Хаманеи өкүмдү кайра карап чыгууну табыштаган эле. Өлкөнүн жогорку соту бүгүн төмөнкү инстанциядагы соттун өкүмүн жокко чыгарды.
XS
SM
MD
LG