Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

Багдадда кайрадан кан төгүлдү


Шаардын “жашыл зона” деп аталган аймагында - Күртстан патриоттук союзунун баш кеңсесине чукул жерде жарылган бомбадан, америкалык командачылыктын маалыматтарына караганда, үч киши мүрт кетти, жоон топ адам жараат алды. Ирак полициясынын айтымында, өлгөндөрдүн саны ондон ашат. ”Жашыл зонада” коалициялык администрациянын да имараты жайгашкан. Мунун соңунан түндүктөгү Байжи шаарында америкалык аскери базанын жанында дүрмөттөлгөн машина жарылып, андан да он чакты киши набыт болду, жыйырмадай адам жабыркады.

XS
SM
MD
LG