Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:07

Ирактын өткөөл өкмөтү түзүлдү


Буга байланыштуу азыркы башкаруу кеңеши таркатылды.
Жаңы кабинет мүчөлөрүнүн арасында беш аял бар. Мунун алдында Ирактын президенти болуп Гази ал-Йавер дайындалган эле. АКШ жана Бириккен Улуттар Уюму президенттикке мурдагы тышкы иштер министри Аднан Пачачини көрсөтүшкөн болчу, бирок ал бул сунуштан баш тартып койду. Шейиттердин өкүлү Ибрахим ал-Жафари менен күрт автоном аймагынын парламент башчысы Рауш Шавайз вице-президенттикке дайындалышты. Үчөө тең 30-июндан кийин, бийлик өткөөл өкмөткө өткөрүлүп берилген соң кызматына киришет.

XS
SM
MD
LG