Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Талас облустук профсоюздар кеңешинин кезектеги пленуму өттү


ТАЛАС. Эмгекчилердин укук таламдарын коргоо багытында профсоюздук уюмдар социалдык өнөктөштөрү болгон бийлик бутагы, ишкерлер менен тең ата иш жүргүзө албай жаткандыгы айтылды 2-июндагы пленумда. Бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин айлык акыларын кечиктирип берүү, газеталарга мажбурлап жаздыруу, жергиликтүү акын, жазуучулардын китептерин күчкө салып саттыруу, ар кандай маараке, той, комиссиялар үчүн акча кармап калуу сынга алынды. Айрым жетекчилердин эмгекчилерди негизсиз иштен бошотуп жиберген фактылары көп. Эмгек талаштарын сот органдары 20-30 ирет териштиргендиги менен калыс чечпей жаткандыгына дооматтар айтылды. Профсоюздук активисттерден түшкөн суроолорго облус губернатору Искендер Айдаралиев, Жогорку Кеңештин депутаты Эсен Назаралиев, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы Сагын Бозгунбаев жооп беришти.

XS
SM
MD
LG