Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Кыргызстан менен Орусиянын диний башкармалыктары келишим түзүштү


БИШКЕК. Кыргызстандын мусулмандарынын диний башкармалыгы менен Орусиянын Европа бөлүгүндөгү мусулмандардын диний башкармалыгы ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Мындай маалымат бүгүн Кыргызстандын мусулмандарынын муфтийи Муратаалы ажы Жумановдон алынды. Анын маалыматына караганда, келишимде ислам динине байланыштуу бардык иш-чаралар боюнча кеңешип туруу, ислам динине каршы багытталган аракеттерге каршы бирге күрөшүү, динге байланыштуу конференцияларды биргелешип өткөрүү белгиленди. Андан тышкары диний окуу жайларда билим берүү жаатында тажрыйба алмашуу жана муфтийлердин сунушу менен гана диний окуу жайларга студенттерди кабыл алуу белгиленди.

XS
SM
MD
LG