Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Миграция саясаты боюнча жаңы концепция даярдалды


БИШКЕК. Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн миграция саясаты боюнча жаңы концепция иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин миграция департаментинин төрагасы Зафар Хакимов бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңы концепция миграциянын жараянын жөнгө салуу максатын көздөйт. Аны турмушка ашырууну караган программа эки айдын ичинде иштелип чыгат. Концепция өлкөнүн социалдык–экономикалык өнүгүүсү боюнча программаларына негизделет.
Жыйында айтылганга караганда, акыркы убакта миграция жараяны тынчсыздандырбай койбойт. Өзгөчө, чет өлкөлөргө кеткендердин укуктарын коргоо иши солгун бойдон калууда. Ал эми четке кетип жаткандардын санынын өсүшүнө - өлкөнүн өндүрүш тармагындагы оор абал башкы себеп.

"Эксперттердин эсеби боюнча, 500 миңден 1 миллионго чейин кыргызстандыктар чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт", деп белгиледи миграция департаментинин төрагасынын орун басары Болот Сарыгулов.

XS
SM
MD
LG