Ариэль Шарон бүгүн өкмөт анын Газа секторундагы жөөт конуштарын жоюууну караган планын эми алдыдагы жекшембиде кабыл алаарына ишеним билдирди. Планга ылайык Газа секторунан жөөтөрдүн 21, ал эми Иордандын Батыш жээгинен 4 конушу жоюлуш керек. Шарондун "Ликуд" партиясы өткөн айдагы ички партиялык референдумда пландын баштапкы долбоорун четке каккан. Документин эми жаңыланган долбоору конуштарды этап-этабы менен жоюуну карайт.
Ал эми Израилдин оппозициядагы Эмгек партиясынын лидери Шимон Перес бүгүн буларды билдирди:
- Менимче эгер премьер- министр элге кайрылса, пландын кабыл алынуусуна мүмкүнчүлүк көбөйөт. Эгер ал "Ликуд" партиясынын эле таасиринен чыга албаса, биз баарыбыз жагымсыз абалга туш болобуз.