Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик –МАГАТЭ уюмунун соңку жашыруун докладында Иран өзөктүк бомба жасоодо пайдаланыла турган байытылган уранды өндүрүүчү технологияны импорттогонун моюнга алганынын маалымдалган. Мурда Иран мындай технологияны өзү жасаганын билдирген болчу. Ирандын Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы Хассан Роухани МАГАТЭнин жаңы докладына байланыштуу бүгүн мындай деди:
- Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаал жөнгө салынууда. Мындан ары кандайдыр бир маанилүү маселе болбойт. Проблемалардын баары чечилди же чечилүү алдында.
Хассан Роухани ошондой эле БУУнун испекторлору Иран өзөктүк курал жасоого умтулган –умтулбаганын аныктоо ишин аяктоого жакындап калганын кошумчалады.