Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:29

АКШнын Ирактагы аскерлери Моктада ас-Садрдын колдоочулары менен кагылышты


Куфа шаарындагы кагылыштан, жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, кеминде беш ирактык өлүп, 40тайы жаракат алган. Атышуу шийиттердин радикал динятчысы Моктада ас-Садрдын жактоочулары америкалык аскерлердин кербенине ок чыгарган соң башталган. Багдаддын Садр шаар деген районунда ушундай эле уруштан бир ирактык өлүп, үчөөсү жаркат алган. Ал эми Багаддадын көбүнесе сунни мусулмандар жашаган районунда автоунаадагы жардыруудан кеминде 4 адам каза тапты, 20дайы жаракат алды. Фаллужа шаарында полиция бекети минемоттон аткыланганда бир ирактык өлүп, үч адам, анын ичинде америкалык бир аскер жарадар болду.

XS
SM
MD
LG