Вашингтон Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин соңку отчету Тегерандын бул жааттагы тымызын ишмердигин тастыктай алат деген пикирде. МАГАТЭнин инспекторлору шейшембиде жарыялаган отчётунда Иранда бомбаларды жасоого керектелиши мүмкүн болгон байытылган урандын издери табылганын маалымдашкан. Ирандын улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Хасан Ровхани МАГАТЭнин бул отчёту өлкөдө - чоң ачылыш жасагыдай эч нерсе жок экенин ырастайт деп билдирген.