Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:00

"Ал-Жазира" телеканалы Иракта барымтада отурган үч италиялыкты көргөздү

Жеке адамдарга жансакчы болуп иштеп жүрүп, дайынсыз жоголгон италиялыктар 12-апрелде барымтага түшкөн. Тасмада алардын бири 31-май күнү телеге тартылып жатканын кабарлап, "акыбалыбыз дурус, бизге жакшы мамиле жасап жатышат" деп кошумчалайт. Кабарларга караганда, алар менен барымтага түшкөн 4-италиялык көп өтпөй өлтүрүлгөн. "Ал-Жазира" каналында окулган барымтадагы италиялыктардын билдирүүсүндө бардык италиялыктарды АКШ жана анын союздаштарынын саясатына каршы күрөшүүгө чакырык камтылган.
​
XS
SM
MD
LG