Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:19

4-июнга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Өлкөнүн гидрометеорологиялык борборунан алынган маалыматка караганда, 4-июнда Кыргызстанда күндүн экинчи жарымында жамгыр жаап өтөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жеткен жел жүрөт.

Абанын температурасы:
ЧҮЙ жана ТАЛАС облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34 градус ысык.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД дубандарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35 градуска чейин ысыйт.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +10…+15, күндүз +21…+26 градус.
НАРЫН аймагында түнкүсүн +7…+12 градус жылуу, күндүз +22…+27 градус болот.
БИШКЕКТЕ сейрек булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн +17…+19, күндүз +31…+33 градус ысык.

Жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар топтошту.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG