Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

Н.Танаев Сауд Арапстанга барат


БИШКЕК. 12-июндан 15-июнга чейин Сауд Арапстандын борбору Эр-Риад шаарында Кыргызстан менен Сауд Арапстандын ортосундагы биринчи инвестициялык конференция болот. Ага премьер-министр Николай Танаев баштаган ири делегация катышат. Өкмөт башчынын басма сөз катчысы Санжар Үмөталиевден алынган маалыматка караганда, конференция маалында Николай Танаевдин Сауд Арапстандын падышасы Фахду Бин Абдел Азиз Ал-Сауд менен жолугушуп, ага кыргыз президенти Аскар Акаевдин падышага жолдогон атайын катын тапшыруусу болжолдонууда. Андан тышкары Н.Танаев Сауд Арапстандын соода-өнөр жай палаталар кеңешинин төрагасы Абдул Рахман Бин Али Ал-Жерайси менен жолугушат.
Ал эми конференцияда Экономиканы өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу Амангелди Муралиев Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүгү менен тааныштырат. Конференцияда бул эки өлкөнүн ар тармактуу кызматташтык жолдору талкууланып, биргелешкен ишканаларды түзүү аныкталат.

XS
SM
MD
LG