Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:22

АКШ менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн кызматташтыгы артат


БИШКЕК. АКШ менен Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ортосунда соода жана инвестиция боюнча Америкалык-Борбор Азиялык кеңеш түзүлөт. Кеңеш эмгек, айлана-чөйрөнү коргоо, автордук укук, соода менен инвестицияда орто жана чакан ишканалардын катышын кеңейтүү маселелери боюнча иш алып барып, АКШ менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда пикир алмашууларды такай жүргүзүп турат. Мындай кеңештин түзүлүшүнө АКШ өкмөтү менен Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ортосунда соода жана инвестицияны өркүндөтүү боюнча 1-июнда кол коюлган макулдашуу негиз берет. Мындай маалыматты бүгүн Кыргызстандын АКШдагы элчилиги таратты.

XS
SM
MD
LG