Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:56

«Кыргызгаз» аласаларын катуу чаралар менен өндүрө баштады


БИШКЕК. Кечээтен тартып «Кыргызгаз» акционердик коому «Бишкекжылуулук энерго» коммуналдык ишканасына жаратылыш газын берүүнү токтотту. Ага бул ишкананын «Кыргызгазга» ушул жыл башынан берки бересесинин 29 миллион сомго жакындаганы себеп болду.
Андан тышкары Кадамжайдагы сурьма комбинатына да газ берүү токтотулду. Анын «Кыргызгазга» карызы 5 миллион 300 миң сом. Газ акысын төлөбөй койгондугу үчүн «Кыргызгаздын» жетекчилиги Кадамжай сурьма комбинатына каршы доо арызды сотко берүүгө да аргасыз болду.

«Кыргызгаз» ишканасынын басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, газ бул ишканаларга береселер төлөнгөндөн кийин гана бериле баштайт.

XS
SM
MD
LG