Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Президенттик администрациянын түзүмү өзгөрдү


БИШКЕК. Бүгүн мамлекет башчысы А.Акаев «Президенттик администрация» жана «Президенттик администрациянын түзүмүн жакшыртуу» деген жардыктарга кол койду. Ага ылайык президенттик администрациясынын түзүмүндө өзгөрүүлөр болуп, чиновниктердин саны 10 процентке кыскарды. Так айтканда: 1) мамлекет башчысынын кеңешчилери менен жардамчыларынын кеңеши; 2) парламент менен иштей турган атайын топ; 3) бардык коомдук уюмдар жана массалык маалымат каражаттары менен иш алып бара турган атайын кызмат; 4) административдик реформа, мамлекеттик кызмат боюнча сектор түзүлдү.

Андан тышкары, уюштуруу жана мамлекеттик башкаруу саясаты бөлүмүнүн курамында агрардык саясат жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу боюнча сектор түзүлдү.

Жардыктын негизинде президенттин протокол бөлүмү өзүнчө бөлүндү. Жалпы бөлүм болсо канцелярия деп аталып калды.

XS
SM
MD
LG